Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

“Внуководогу” авиакырсыкка байланыштуу аэропорттун төрт кызматкери кармалды


Прокуратура окуяга байланыштуу аэропорттун башкы инженерин, учуу тилкесиндеги карды тазалоо иштери боюнча башчысын, учуу боюнча жетекчисин жана авиадиспетчерин кармады. Орусиянын тергөө комитетинин билдиришинче, төртөө тең сурак беришти.

- Тергөөдө белгилүү болгондой, жогоруда белгиленген кызматкерлер учуу коопсуздугун камсыз кылган эмес. Коопсуздукту сактоо талаптарын аткарган эмес. Кармалгандар күбө катары суралышты, - деди тергөө комитетинин башчысы Владимир Маркин.

“Внуковонун” башкы директору Андрей Дьяков жана анын орун басары Сергей Солнцев кызматтан кетишкенин аталган аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.

20-октябрдан 21ине караган түнү Москвадагы "Внуково" аэропортунда учууга даярданып жаткан учак кар тазалоочу машинаны сүзүп алганы кабарланган. Бул кырсыкта франциялык ири Total мунай компаниясынын президентти Кристоф де Маржери жана учактын үч экипажы каза болгон. Орусиянын Тергөө комитети кар тазалоочу унаанын айдоочусу мас абалында болгонун билдирген.

Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Total дүйнөдөгү ири беш мунай компаниянын катарына кирет. 63 жаштагы Маржери аны 2007-жылдан бери башкарып келаткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG