Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:54

Евробиримдик эболага каршы күрөштү талкуулайт


Бүгүн Евробиримдиктин лидерлери Брюсселде саммитке чогулат. Анда эбола вирусуна каршы күрөшүүнү күчөтүү, оорунун жайылып кетишин алдын алуу маселеси каралат. Андан сырткары лидерлер климаттын өзгөрүшүн, «Ислам мамлекети» радикал тобуна каршы күрөш, Украинадагы кырдаалды талкуулашат.

Европа биримдиги жана Европа комиссиясы 4,5 миң кишинин өмүрүн алган эболага каршы күрөшүүгө 600 млн. евро бөлүүгө милдеттендирилген. Британия премьер-министри Дэвид Кэмерон бул сумманы 1 млрд. еврого көтөрүүнү демилгелеп жатканы айтылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG