Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:08

Вице-премьер чек ара көйгөйүн азайтуу үчүн БУУдан жардам сурады


Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев БУУ баш катчысынын атайын өкүлү, уюмдун Борбор Азиядагы аймактык борборунун башчысы, элчи Мирослав Енчаны кабыл алып, чек ара көйгөйүнө байланыштуу көмөк сурады.

Маматалиев кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларындагы талаштуу жагдайлардан улам чыгып жаткан чырларды азайтууга БУУнун да жардамы маанилүү экендигин айтты.

БУУ өкүлү бул жаатта чек ара аймактарын аныктоо иштери үчүн эл аралык укуктарды окутуу жаатында жардам бере аларын билдирди.

Маматалиев менен Енчанын жолугушуусу 22-октбярда болгон. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн билдирди.

Кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларында такталбаган жерлерге байланыштуу чыр көп катталат. (SE)

XS
SM
MD
LG