Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Индия премьери Сиачен мөңгүсүнө барды


Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Гималай тоо кыркаларында жайгашкан талаштуу Сиачен мөңгүсүнө барды. Ал “бул аймакты коргоп турган каарман жоокерлер менен бирге болуу үчүн” барганын билдирди.

Сиачен мөңгүсү Индия менен Пакистандын ортосунда талаш жараткан Кашмир аймагында жайгашкан. Аталган эки өлкө тең бул аймакта өз аскерий күчтөрүн кармайт. 1984-жылдан бери эки коңшу өлкөнүн бул жердеги аскердик күчтөрү такай кагылышып турат.

Деңиз деңгээлинен алты миң метрден ашуун бийиктикте жайгашкан Сиачен аймагында кызмат кылган аскерлер климаттын катаалдыгынан көп мерт болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG