Пакистандын Белужистан провинциясында согушкерлер автобусту аткылап, кеминде сегиз киши каза болду, бирөө жараат алды. Окуя Кветта шаарына жакын жердеги жашылча-жемиш саткан базарда болгон. Каза болгондордун бардыгы шииттер экени айтылды. Полиция чабуул жасагандар изин жашырып кеткенин билдирүүдө.
- Тогуз киши жашылча-жемиш алуу үчүн базарга келген. Алар автобуска отурганда аткылоо башталган. Алардын бардыгы шииттер болгон. Алардын сегизи каза болду, бирөө жараат алды, - деди жергиликтүү полициянын башчысы Имран Куреши.
2013-жылы «Ал-Каидага» байланышы бар деген топ Кветтада бир нече жардыруу уюштурган. Анда 200дөн ашуун шиит набыт болгон. (КЕ)