Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Кытай Иран менен аскерий кызматташуусун бекемдейт


Кытай Иран менен аскерий кызматташууну бекемдөө ниетинде экенин бүгүн, 23-октябрда коргоо министри жана Мамлекеттик кеңештин мүчөсү, Ирандын аскер деңиз кызматынын кол башчысы, контр-адмирал Хабибилла Сайяри менен жолуккан учурда билдирди. Жергиликтүү маалымат каражаттар эки тарап аскерий кызматташуу, кадрларды биргелешип даярдоо багытында сүйлөшкөнүн жазышты. Расмий Тегерандын өкүлү Кытай менен кызматташууга Иран өзгөчө маани берерин, өзгөчө аскерий-деңиз жаатында кызматташууну бекемдөөнү колдой турганын айтты. Ошондой эле деңиз каракчыларына каршы биргелешип күрөшүү ниетин билдирди.

Кытай менен Иран мунай боюнча да иштешип келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG