Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Түркия пешмерга күчтөрүн Кобаниге өткөрөт


Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бүгүн Латвияда расмий сапары учурунда билдирди. Ал Ирактык күрттөрдүн 200дөй өкүлү Кобани шаарына Түркия аркылуу өтө турганын айтты. Бул маселе Сириядагы эки миңдей күрт топтору, жана Демократиялык биримдик партиясы менен макулдашылганын кошумчалады:

- Демократиялык биримдик партиясы башында пешмерга күчтөрүн бекемдөөгө макул болгон эмес. Кийинчерээк алар макул болгондон кийин күрттөрдүн өкмөтү менен пешмергалардын саны боюнча карама-каршылык келип чыкты. Кечээ эки тарап 200 согушкер жиберүүгө макулдашканын билдим,- деди Эрдоган.

22-октябрда Ирактын курамындагы күрт автономиясынын парламенти Кобиниге пешмерга күчтөрүн жиберүүгө уруксат берген.

Кобани – Сириянын Түркия менен чектешкен шаары. Анда жашагандардын басымдуу бөлүгүн күрттөр түзөт. Бул аймактын айрым бөлүктөрүн «Ислам мамлекети» радикал тобу ээлеп алган. Бир ай ичинде АКШ башында турган коалициянын аба соккуларынан 500дөн ашуун согушкер жана 30дай жай тургун каза болгон. (КЕ/GA)

XS
SM
MD
LG