Жардыруу Пакистандын түштүк-батышындагы Кветта шаарында диний партиянын жолугушуусу өтүп жаткан учурда болду. Бир канча тез жардам унаасы каза болгондорду жана жараат алгандарды ташып жатканы айтылды. Азырынча алардын саны канча экени айтыла элек. Партиянын жана уламалар жамаатынын башчысы Гусейн Фазлур Рехман чабуул өзүнө карата жасалганын белгиледи.
Ушул эле күнү Пакистандын Белужистан провинциясында согушкерлер автобусту аткылап, сегиз киши каза болуп бирөө жараат алган. Окуя Кветта шаарына жакын жердеги жашылча-жемиш саткан базарда болгон. Каза болгондордун бардыгы шииттер экени айтылган. Полиция чабуул жасагандар изин жашырып кеткенин билдирүүдө. (КЕ)