Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:31

Бүгүн БУУ күнү жана Тынчтык күнү белгиленет


БУУ күнүн белгилөөнүн алкагында жүзгө жакын окуучу парламент, Президенттик аппараттын мүчөлөрү, Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен чогуу тынчтык куруу жана коопсуздук маселелерин талкуулашат.

1945-жылдын 24-октябрында түптөөчү мамлекеттердин көпчүлүгү бүткүл дүйнөлүк органды түзүү тууралуу келишимди ратификациялагандан кийин расмий түрдө Бириккен Улуттар Уюму негизделген. 1971-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы резолюция кабыл алып, анда мүчө мамлекеттерге бул күндү мамлекеттик майрам катары белгилөөнү сунуштаган.

Дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттери мүчө болгон БУУ эң ири эл аралык уюм болуп эсептелет. Уюмдун ишмердигинин негизги максаты – Жерде тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо, улуттар ортосунда тынчтык мамилелерди бекемдөө жана алардын арасында ар тараптуу кызматташтыкты (экономикалык, социалдык, маданий, гуманитардык) өнүктүрүү. (ZMa)

XS
SM
MD
LG