“Мыйзамдагы ууру” деп атыккан Азиз Батукаевди Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси ал Орусиядагы түрмөдө жазасын өтөп бүткөндөн кийин гана чечилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасы орусиялык кесиптештерине шилтеме жасап кабарлады.
Прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, 22-октябрда Орусиянын Башкы прокуратурасынан кат келип, алар Батукаевди экстрадициялоо маселесин карап чыгууга даяр экенин белгилешкен. 16 жылга кесилген Азиз Батукаевди өткөн жылдын апрелинде “аккан оорусуна чалдыкты” деген негизде Нарын шаардык соту бошотуп жиберген. Быйыл Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Нарын шаардык сот мурдагы чечимин жокко чыгарган.
1-июлда Батукаев Түндүк Осетияда кармалып, Владикавказ шаарындагы тергөө абагына камакка алынган. Ага “мыйзамсыз курал алып жүрүү” беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, 3 жылга эркинен ажыратылган. (ZMa)