Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:14

Журналист Саиповдун өлтүрүлгөнүнө жети жыл толду


2007-жылдын 24-октябрында Ошто журналист Алишер Саиповду белгисиз кишилер көчөдөн атып кетишкен. Ал өзбек тилинде чыгып турган “Сиёсат” ("Саясат") гезитинин редактору болчу. Ошондой эле fergana.ru cайтына макалалары жарык көрүп турган. Анын эмгектеринин басымдуу бөлүгүндө Ислам Каримовдун саясаты сынга алынгандыктан, анын өлүмү өзбек бийлигинин буйрутмасы катары да айтылып жүрөт. Азыркыга чейин кылмыштын бети ачыла элек.

Журналисттин өмүрү 26 жашында кыйылып, артында наристе кызы менен жубайы калган. Алишер Саиповдун ысымы Вашингтондогу "Ньюс Музеймдин" дүйнө жүзүндө кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү тактысына жазылган. (SE)

XS
SM
MD
LG