Күрүч өстүрүү менен алектенген элдердин улуттук маданиятын жана салттарын көрсөтүү, тажрыйба алмашуу максатын көздөгөн “Биздин жердин күрүчү” фестивалы Өзгөн шаарында 23-октябрда башталган. Эки күнгө созулчу иш-чарага Кытай, Орусия жана Кореядан күрүч өндүрүүчүлөр, адистер катышууда.
Түрдүү этникалык топтордун күрүч тамактары тартууланып жаткан фестивалга бүгүн үч миңге чукул киши келгенин аймактагы кабарчыбыз билдирди.
Фестивалдын алкагында илимий-практикалык конференция, айыл чарба товарларынын көргөзмөсү, күрүч талааларын жана Өзгөн районундагы кайра иштетүүчү ишканаларды кыдыруу каралган. (SE\ErN)