Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Москвада адвокатты атып кетишти


Орусиянын полициясы адвокат Виталий Моисеев жана анын аялынын жансыз денеси Москва шаарынан алыс эмес жерде 24-октябрда табылганын билдирди. Маалыматка ылайык, белгисиз бирөөлөр аларды атып кеткен. Моисеев Орехов кылмыштуу тобунан жабыркаган жана топтун лидерлеринин бири, соттолуучу Дмитрий Белкинге күбө катары өткөн Сергей Журбанын жактоочусу болчу. Кесиптештеринин белгилешинче, бул күнү Моисеев Орехов кылмыштуу тобуна байланыштуу сотто сүйлөшү керек эле. Сот 23-октябрда Белкинди адам өлтүрүү жана талап-тоноо иштери боюнча өмүр бою эркинен ажыраткан.

Өткөн айда Журбанын дагы бир адвокаты Татьяна Акимцованы белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.

Орехов 1990-жылдары Орусиядагы эң таасирдүү кылмыштуу топтордун бири деп эсептелген. Алар бир нече адам өлтүрүүлөрдү жасаган деп айтылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG