Бул тууралуу Баткен райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Каланбек Маркаев “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы Баткен району жана шаары 126 млн. кВт. саат электр энергиясын пайдаланса, быйылкы жыл үчүн 99 млн. 534 киловатт саат электр энергиясы лимит катары бөлүнгөн. Мындан улам аймакта лимиттен ашып кетпөө үчүн суткасына алты сааттан электрге чектөөлөр болуп жатат. (JsA)