Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Египет: Синай аймагына өзгөчө кырдаал жарыяланды


Египет бийлиги түндүктөгү Синай аймагынын айрым райондоруна үч айлык өзгөчө кырдаал киргизди. Мындай чечим 24-октябрдагы эки жолку кол салуудан 33 коопсуздук кызматынын өкүлдөрү мерт кеткен соң кабыл алынды. Полициянын маалыматы боюнча, 30 адам аймактын түндүгүндөгү Ал-Харуба районундагы жардыруудан каза тапкан. Андан бир нече саат өтпөй Газа тилкеси менен чектеш Ал-Ариш аймагындагы бекетте полицияга согушкерлер ок ачып, төрт киши мерт кетти.

Аналитиктер муну акыркы учурдагы эң кандуу кол салуу деп аташты.

Мурдагы президент Мухаммед Мурси 2013-жылы бийликтен кулатылгандан бери полиция жана аскер кызматкерлерине болгон кол салуулар күчөп келет.

Өткөн жылдын 4-июлунда болгон мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Мурсини колдогон “Мусулман агайындар” кыймылына тыюу салынып, миңдеген жактоочулары камакка алынып, бир нечеси өлүм жазасына тартылган.

XS
SM
MD
LG