Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Украинада “жымжырттык күнү” өкүм сүрүүдө


Украинадагы эртең өтчү парламенттик шайлоого үгүт өнөктүгү аяктап, бүгүн өлкө боюнча «жымжырттык күнү» өкүм сүрүүдө. Алдын ала сурамжылоолор боюнча, президент Петро Порошенконун партиясы шайлоочулардан 30 пайызга чейинки добуш алып, алдыга чыгат деп болжолдонууда. Шайлоо алдында АКШ бийликтери украиналыктарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды. Бул чакырык орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөп турган Донецк жана Луганск облустарынын тургундарына да багытталды. Жикчилдер парламенттик шайлоону тааныбай турганын, ноябрь айында өз алдынча шайлоо өткөрөрүн билдирген эле. Бул жолку шайлоо жикчилдер көзөмөлдөгөн 14- округда өтпөйт.

Буга чейин орус президенти Владимир Путиндин администрация башчысы Сергей Иванов Орусия Украинадагы парламенттик шайлоону тааный турганын шардана кылган. Бирок украин өкмөт башчысы Арсений Яценюк орус бийликтери шайлоону үзгүлтүккө учуратууга аракет кылат деген чочулоосун билдирип келет.

XS
SM
MD
LG