Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Оор кылмышка шектелген милиция кызматкерлери кармалды


Бишкекте оор кылмышка шектелип, ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөш башкармалыгынын эки кызматкери кармалды.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги өздүк булактарга таянып жазып чыкты. Маалыматка ылайык, аталган кызматкерлер борбордогу акча алмаштыруу жайындагы карактоого шектелип жатат. Анда аталган жайда иштеген адам каза болгон.

Ички иштер министрлиги кызматкерлер суракка чакырылганын тастыктап, бирок камакка алуу боюнча расмий маалымат келип түшө электигин билдирди.(BkA)

XS
SM
MD
LG