Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Баткен: 15 айылга электр линиялары тартылды


Мындай маалыматты Баткен райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Каланбек Маркаев «Азаттыкка» билдирди.

Буга чейин аталган айылдарга электр энергиясы Өзбекстандын аймагындагы линиялар аркылуу жеткирилчү. Былтыр коңшу өлкөнүн Сох анклавындагы Ушар айылы менен Баткендеги Чарбак айылынын тургундары ортосундагы жаңжалдан кийин аймактагы кыргыз айылдарын көз карандысыз электр линиясы менен камсыздоо талабы айтылган.

Бул талаптын негизинде учурда Суу-Башы, Кыштуут, Дара айыл аймагындагы 15 айылга көз карандысыз электр линиялары тартылды. Мындан тышкары Тажикстандын Чорку аймагы аркылуу электр линиясы тартылып өткөн Ак-Сай айылына да өз алдынча линияларды тартуу иши аткарылып жатат. (JsA)

XS
SM
MD
LG