Ош шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө газ баллондор таратыла баштады.
Алгачкы 240 баллонду муктаждарга шаар мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, шаарда 1800 аз камсыз болгон үй -бүлө катталган.
Быйыл апрелде “Кыргызгаз” ишканасы толугу менен “Газпромго” сатылган. Андан көп өтпөй Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтотуп, аймактын калкы азыркыга чейин газсыз отурат. Мындан соң президент Алмазбек Атамбаев Ошту газ менен камсыз кылуунун альтернативдүү жолун иштеп чыгууну тапшырган. Ага ылайык, быйыл калкты электр плиталары жана суюлтулган газ менен камсыз кылуу сунушталган.(YI)