Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Орус актеру Латвиянын “кара тизмесине” киргизилди


Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевич орус актеру Иван Охлыбыстинди кара тизмеге киргизип, өлкөгө киришине тыюу салды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги маалымдады.

Ринкевич өз позициясын «актердун айрым билдирүүлөрү улуттар аралык бөлүнүүнү тутандырып жатат” деп түшүндүрдү.

Рига ушул жылдын жай айларында Юрмалада өтүүчү "Жаңы толкун" сынагынын алдында орус ырчылары Иосиф Кобзон, Олег Газманов жана Валериянын Литвага киришине тыюу салган.

Латвия “аталган үч ырчы Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана төбөлсүздүгүн ыдыратканга салым кошкондогу үчүн” ушундай чектөөгө кабылганын түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG