Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

Футбол: Руслан Сыдыков коштошуу матчын өткөрөт


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын экс-капитаны Руслан Сыдыков коштошуу матчын өткөрөт. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Коштошуу оюнда «Алга» менен «Дордойдун» футболчулары беттешет. Экс-капитан бүгүн өзү "Дордой" курамында ойномокчу.

Мелдеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бүгүн саат 15:30 да башталат.

Руслан Сыдыков 1992-жылы Оштун "Алай" клубунда ойноп, карьерасын баштаган.

1997-2000-жылдары "Динамо" ИИМдин курамында ойногон. 2001-жылдан 2013-жылга чейин Бишкектин "Дордой" клубунун намысын коргогон. Улуттук курамага 1997-жылдан баштап ойноп баштап, 2005-жылдан 2013-жылга чейин капитан болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG