Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Кара-Сууда 41 көп кабаттуу үйдүн жылуулук булагы жок


Бул тууралуу «Азаттыкка» Кара-Суу шаарынын мэри Зарлык Тургунбаев билдирди. Анын айтымында, шаардагы 41 көп кабаттуу үйдүн бири дагы жылуулук түтүгүнө туташкан эмес. Көп кабаттуу үйлөрдө электр тогу эмитен түнкү саат 12ден таӊкы 6га чейин өчүрүлө баштаган.

Учурда шаар бийлиги Кара-Суудагы 41 көп кабаттуу үйлөргө электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү «Ош электро» ААКнан, вице премьер министр Эльвира Сариевадан, район акиминен сурап жатышат. Кара-Сууга Кыргызстандын башка жерлериндей эле электр тогун колдонууга чектөө киргизилген.

Мэрдин айтымында, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн айрым батирлеринен буржуйка мештердин мору эмитен байкала баштаган.

Кара-Суу шаарындагы 41 көп кабаттуу үйдө жети миӊге жакын адам жашайт. Шаарда көп кабаттуу үйлөрдү жылытуучу мекеме иштебейт. (YI)

XS
SM
MD
LG