Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Экзит-пол: Украинадагы шайлоодо жети партия парламентке өттү


Украина: жети Экзит-полдун жыйынтыгы. (ukrpravda)
Украина: жети Экзит-полдун жыйынтыгы. (ukrpravda)

Экзит-полдун маалыматы боюнча Украинадагы кезексиз парламенттик шайлоодо беш пайыздык чектен жети партия өттү. Анда эң көп 23% добушту «Петро Порошенконун блогу» алгандыгы анык болду. Андан башка «Элдик фронт» - 21,3%, «Өз ара көмөктөшүү» - 13,2%, «Оппозициялык блок» - 7,6%, "Эркиндик" - 6,3%, Радикалдык партия - 6,4%, «Батькивщина» - 5,6% добушка ээ болушканы кабарланды.

Экзит-полго катышкандардын саны саат кечки 6га чейин 16643 респондентти түзгөн.

Украинанын БШКсы бардык шайлоо бекеттери жабылганын билдирди. Акыркы маалыматка ылайык, Украинада шайлоочулардын 40,77% добуш берүүгө катышты. Добуш берүү 33 миңден ашуун бекеттерде жүрдү. Орусиячыл күчтөр көзөмөлдүк кылган Луганск менен Донецк облустарында айрым шайлоо бекеттеринде гана добуш берүү өттү.

XS
SM
MD
LG