Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:13

Turkvision-2014 сынагына Кыргызстандан “Non stop” дуэти катышат


Бул топ 19-21-ноябрь күндөрү Казань шаарында өтө турган Turkvision-2014 эл аралык музыка сынагына Кыргызстандын атынан катышуу укугун кечээ утуп алды. Turkvision-2014 музыкалык сынагына катышуу үчүн жыйырмадан ашуун ырчы ат салышып, финалга он ырчы чыккан.

Turkvision-2014 сынагы өткөн жылы декабрда Түркиянын Эскишехир шаарында болгон. Маданий иш-чара түрк дүйнөсүнүн маданий борборун колдоо агенттигинин жана ТүркСОЙ уюмунун демилгеси менен былтыртан бери уюштурулууда.

XS
SM
MD
LG