Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:55

Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтүүдө

Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтүп жатат. Ага президент Алмазбек Атамбаев баштаган кеңеш мүчөлөрү катышууда. Жыйында 2015-жылдагы парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө даярдык боюнча биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев жана 2017-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын аткарылышы боюнча премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин отчету талкууланмакчы.

Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча туруктуу кеңешти президент жетектейт. Ага өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Соттун төрайымы, Жогорку Кеңештеги фракция жетекчилери мүчө.(BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG