Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:11

Канжар Кадыралиевди кызматтан четтетүү маселеси каралууда


Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиев иштен четтетиле элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” прокуратурадагы ишенимдүү булактар кабарлады. Учурда Кадыралиев ооруканада дарыланууда. Ишти Башкы прокуратура териштирип жатат.

Жакында Өзгөндөгү ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү Канжар Кадыралиев башында турган топтун карактоосуна кабылганын айтып чыккан. Келдибаевдердин жүйөсүндө алар ишкердин бизнесин өткөрүп берип, өздөрүн башка жакка көчүп кетүүсүн талап кылышкан. Бирок Кадыралиев айыптоолорду четке кагып, аны атайылап каралоо аракети деп атаган. Мындан соң президент Алмазбек Атамбаев Кадыралиевге байланыштуу чырды иликтөөнү баш прокурор Аида Саляновага тапшырган.

Канжар Кадыралиев парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы.

Бул маселе боюнча “Азаттык” радиосу атайын иликтөө жасаган учурда, Өзгөндөгү аксакалдар маселеге олуттуу көңүл бурууну бийликтен суранышкан. Сактан Келдибаевдин апасы Атамбаевден жардам сурап, кайрылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG