Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:59

ИИМ: Алкановго 15 жолу бычак сайылган


Талас облустук ички иштер башкармалыгы ишкер Райкан Алкановго кол салуунун чоо-жайы боюнча маалымат таратты. Маалыматка ылайык, ишкердин ич тарабына 15тен ашык жолу бычак сайылган. Алкановго операция жасалган жана абалы оор бойдон калууда.

Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, кылмыш иш козгоо маселеси каралууда. Ишкерге кандай жагдайда кол салынганы жана шектүүлөр такталып жатат.

79 жаштагы Райкан Алканов өлкөдөгү белгилүү ишкерлердин бири. Ал тутумуна ири базар жана бир нече ишкана кирген “Алканов жана компания” ишканасын жетектейт.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG