Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Президент электр энергиясын өчүрүүгө каршы экенин билдирди


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, өкмөт энергетикадагы маселелерди өчүрүү аркылуу чечпеши керек. “Өчүрүү - бул байыркы кылымга кайтып баруу” деген президент электр энергиянын баасы кымбат болсо да, керектөөчүлөрдү каалаган көлөмдө камсыз кылуу керектигин айтты. Атамбаев ал үчүн бул тармактагы маселелерди чечүүнүн жаңы жолдорун иштеп чыгуу зарыл экенин белгиледи.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгынан энергетика тармагы кризисте турат. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн өкмөт электр энергиясын берүүдө чектөөлөрдү сунуштаган эле.(BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG