Бул 2011-жылдагы Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгышты козголткон “Жасмин ынкылабынан” берки алгачкы шайлоо.
Жаңы өкмөттү өлкөдөгү эки популярдуу партия-“Тунис үндөөсү”(Нидаа Тунис) жана исламчыл “Кайра жаралуу”(Ан-Нихда) партиялары түзөт деп боолгонууда. 217 мүчөлүү парламент беш жылга шайланат. 26-октябрдагы добуш берүүгө 5, 2 миллион шайлоочунун 60 проценти гана катышты. 2011-жылкы добуш берүүдө “Ан-Нихда” мандаттардын теңине жакынын утуп, жаңы Конституцияны жазуу үчүн убактылуу өкмөттү түзгөн. АКШ президенти Барак Обама Тунистеги шайлоону өлкө тарыхындагы “маанилүү белес” деп атады. 2011-жылкы элдик козголуш Тунисти 23 жыл бою башкарган Зине Абидине Бун Алини президенттиктен оодарган.