Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Ашраф Гани эртең Кытайда ырасмий сапарын баштайт


Ооганстандын жаңы президенти Ашраф Гани 28-октябрда Кытайга үч күндүк ырасмий сапарга барат. Гани Кытай президенти Си Цзинпин жана башка жетекчилер менен кездешип, эки өлкө аралык кызматташуу жөнүндө келишимге кол коет. Кытай Ооганстандын эң чоң инвестору жана жез, кара май өндүрүү боюнча ортодо ири келишимдер түзүлгөн. Ооганстандын тоо-кен байлыктары бир триллион доллар деп бааланган. Кытай тышкы иштер министрлигинин маалымдашынча, Бээжин Ооганстандын тынч өнүгүүсү үчүн колдон келген бардык жардамын берет. Эки өлкө Кытайдын батышындагы Шинжаң регионундагы Вахан корридорунда 76 чакырымдык аралыкта чектешет.

Сентябрда бийликке келген Ашраф Гани биринчи чет элдик сапарын 25-октябрда Сауд Арабияга ажы-умрага баруу менен баштады. Гани Бээжинде Стамбул жараянына кирген өлкөлөрдүн жыйынына да катышат. Бул уюмга региондогу 14 өлкө мүчө.

XS
SM
MD
LG