Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:45

ЕККУ Украинадагы шайлоого оң баасын берди


ЕККУнун атайын координатору Кент Харстеддин билдиришинче, Украинада 26-октябрда болгон парламенттик шайлоо жарандарга чыныгы тандоо мүмкүнчүлүгүн берип, фундаменталдык эркиндиктерин урматтоо менен өттү. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинадагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында түзүлгөн өкмөт конструктивдүү болуп, чатакташууну ырбатпайт деген үмүтүн билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, президент Петро Порошенконун блогу 21, 6 % жана премьер-министр Арсений Яценюктун "Элдик майданы" 21.7 % добуш алды. Добуштардын үчтөн бирине жакыны саналгандан кийин дагы бир европачыл партия-“Самопомощь” 10, 8 % добуш алганы дайын болууда. Петро Порошенко кечээ түн ортосуна жакын улуттук телеканалдан сүйлөп: "Эң маанилүүсү-биз акыр аягында украиначыл жана европачыл көпчүлүккө ээ болгонубуз” деди.

Петро Порошенконун айтымында, шайлоонун жыйынтыгында эл орусиячыл жикчилдер менен болгон чатакты токтотуунун саясий жолун колдогонун көрсөттү. Апрелден бери Украинанын чыгышында жүрүп жаткан куралдуу кагылыштарда 3 700дөн көп адам набыт болду. Уруш 5-сентябрдагы элдешүүгө карабай уланууда.

XS
SM
MD
LG