Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Талиптердин чабуулунан Ооганстанда жети адам өлдү


Кундуз провинциалдык сотуна куралчан төрт адам кол салганда кеминде жети адам, анын ичинде сот кызматкерлери өлдү. Полиция өкүлү Саед Сарвар Хусейнинин билдиришинче, куралчандардын бири соттун дарбазасын жардырып жибергенден кийин калган үчөө имараттын ичине кирип барып, ок ачкан. "Андан соң эшикме-эшик кирип, тапкан адамдарын атып өлтүрүштү" деди баш прокурор Амриддин Амин.

Чабуулдан бир нече адам, анын ичинде сот кызматкерлери, полициячылар жана бир жаран жараат алган. Кол салгандар коопсуздук күчтөрү тарабынан ордунда жок кылынган.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти талиптер өздөрүнө алды жана бул жакында өлүм жазасына тартылган туткун талиптер үчүн өч алуу экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG