Ирандын түштүк чыгышындагы Захедан шаарында уулуу газга ууккан 130 адам ооруканага жаткырылды. Өкмөттүк ИРНА жаңылыктар агенттигинин кабарлашынча, алардын 60 чамалуусу мектеп окуучулары. Газга уулангандар ооруканага дем алуусу кыйындап, башы ооруп, айланып жана кусуп кайрылган.
Коогалуу окуядан улам 27-октябрда Систан-Белужистан провинциясында 100дөн көп мектеп жабылды.
Захедан шаары Пакистан жана Ооганстанга чек аралаш жайгашкан. Шаардын губернатору Аббас Али Аржиманди окуяны саботаж деп атоо туура эмес экенин билдирди. Анын айтымында, менчик компаниянын жумушчулары мөөнөтү өтүп кеткен пестициддерди шаардын таштанды сууларына 26-октябрда төгүп жиберген. Пестициддер таштанды суулар менен аралашканда химиялык реакция жүрүп, уулуу газды бөлгөн.