Жаңы тариф кабыл алынмайынча, электр энергиясы 17-июнда бекитилген баа менен төлөнөт. Бул тууралуу КР мамлекеттик отун энергетикалык комплекс департаментинин жетекчиси Нурбек Элебаев маалымдады. Анын айтымында, жаңы тарифтик саясат 1-декабрга чейин кабыл алынуусу күтүлүүдө.
Быйыл 17-июндагы кабыл алынган тарифтик саясат боюнча сентябрь айынан тартып, бир фазалуу электр энергиясын колдонгондор 1 кВт саат энергия үчүн 70 тыйындан, үч фазалуу колдонгон керектөөчүлөр 1 кВт саат энергия үчүн 1 сом 20 тыйындан төлөөгө милдеттендирилген. 29-сентябрда Биринчи май райондук соту бул тариф саясатын жокко чыгарган.
Элебаевдин айтуусунда кыргыз өкмөтү Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу арызы менен 29-октябрга чейин кайрылбаса, анда жаңы тарифтик саясат кабыл алынат.(ZKo)