Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Нарын: бала бакчада өрт чыкты


Өткөн түнү Нарын районуна караштуу Ак-Талаа айылындагы бала бакчада өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Өрттүн кесепетинен бала бакчанын чатыры, ичиндеги эмеректери күйүп кеткен. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Учурда тилсиз жоо толугу менен өчүрүлдү. Бала бакчадагы өрткө жылытуучу мештин туура эмес коюлганы себеп болгонун адистер билдиришүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG