Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Чек ара сүйлөшүүсү боюнча нотага Өзбекстан жооп бере элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн чек араны делимитациялоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. Анын айтымында, буга чейин Өзбекстанга сүйлөшүүнү улантуу боюнча эки жолу нота жиберген. Анда жолугушунун мөөнөтү такталмак. Бирок өзбек тараптан бул боюнча жооп келе элек.

Искандаров кошумчалагандай, эки өлкөнүн чек арасын тактоо боюнча акыркы жолугушуу буга чейин Жалал-Абад шаарында өткөн. Андагы жолугушууда кыргыз тарап буга чейин чек ара сызыгы такталган аймактар боюнча протоколго кол коюуну сунуштаган. Бирок өзбек тарап ага макул болбой, айрым аймактар боюнча гана протоколду бекитүү каалоосун билдирген.

Эки өлкө чек арасын тактоо иштери башталганына он жылдан ашты. Бирок тараптар ошондон бери аны аягына чыгаралбай келет. Талаштуу жерлерге келгени иш таптакыр жылбай да калды. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320 чакырымы тактала элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG