Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:05

Орусия украин жикчилдеринин шайлоосун “тааныйт”


Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн “Известия” гезитинде жарыяланган маегинде билдирди.

Луганск менен Донецк облустарындагы орусиячыл жикчилдердин жолбашчыларынын айтымында, 2-ноябрда алар жарыялаган “Элдик республикалардын” парламенттери шайланат.

Украин президенти Петро Порошенко болсо Киев алдыдагы шайлоону мыйзамдуу деп санабасын ишара кылууда.

Буга чейин расмий Киев Луганск менен Донецктин айрым бөлүктөрүнө үч жылдык мөөнөт менен өзүн-өзү башкарууну сунуш кылып, жергиликтүү шайлоону 7-декабрга мерчемдеген.

Аталган эки облустун жикчилер көзөмөлдөгөн аймактарынын жашоочулары 26-октябрда Украинада өткөн парламенттик шайлоого катышкан жок. (UE)

XS
SM
MD
LG