Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Палестина Израилдин Иерусалимдеги курулуш планын сынга алды


Израилдин Чыгыш Иерусалимде дагы 1000 үй куруу планын палестин тарап кыянатчылыктардын жаңы толкунун жаратуучу кадам катары баалоодо.

Жөөт өкмөтүнүн Иерусалимдин чет жакасындагы эки райондо 1000 үй куруу планы бардыгы кечээ маалым болгон.

Палестин лидери Махмуд Аббастын басма сөз катчысы Набил Абу Рдейна бул жаңылыкты аймакта “зилзала” жараткыдай “коркунучтуу эскалация” деп атады.

Израилдин конуш пландарына Вашингтон да “терең тынчызданып” жатканын Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Жен Псаки билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG