Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:00

Азери жана армян президенттери Тоолуу Карабахты сүйлөштү


Илхам Алиев менен Серж Саргсяндын Париждеги көзмө-көз сүйлөшүүсү акыркы үч айга жетпеген мезгилдеги үчүнчү жолугушуу болду. Эки тараптуу сүйлөшүү алдында алар француз президенти Франсуа Олланд менен өз-өзүнчө кездешти.

Ал эки өлкөнү тең “саясий эркин” көргөзүп, пикир келишпестиктерди жеңүүгө чакырган. Франция азери-армян сүйлөшүүлөрүнө ортомчу болуп келе жаткан Минск тобунун мүчөсү.

Бир тараптан Карабахтагы армян күчтөрү, экинчи тараптан азери аскерлери турган тилкеде акыркы айлары кыянатчылыктар күчөп кетти. Августан берки атышуулардан эки тарап 20дай жоокерин жоготкон.

Армения колдогон жикчилдер Тоолуу-Карабахты Азербайжандан 1990-жылдардын башындагы согушта тартып алган. (UE)

XS
SM
MD
LG