Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Украинада коалиция боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат


Сүйлөшүүлөрдүн алгачкы айлампасынын алкагында президент Петро Порошенко премьер-министр Арсений Яценюк жана Львовдун мэри Андрей Садовый менен кездешти.

26- октябрдагы шайлоонун баштапкы жыйынтыктарына караганда, Порошенконун блогу жана Яценюктун партиясы 21% ашуун добуш алып, тең чыкты. Львовдун мэри Садовыйдын “Самопомощь” партиясы 13% добуш менен үчүнчү орунду ээлөөдө.

Соңку шайлоонун натыйжасында украин парламентинде биринчи ирет европачыл күчтөр конструктивдүү көпчүлүктү түзөрү күтүлүүдө.

Орусия Украинада эми “конструктивдүү өкмөт” кураларына үмүт билдирди. АКШ президенти Барак Обама шайлоону “Украинанын демократиялык өнүгүүсүндөгү дагы бир маанилүү бурулуш” деп атады. (UE)

XS
SM
MD
LG