Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Киев Москваны жикчилдердин шайлоосун колдогону үчүн сындады


Украина Донецк менен Луганскиде орусиячыл козголоңчулар 2-ноябрда өткөрө турган шайлоону Орусиянын колдоосу “бузукулук жана чагымчылдыкка жатат” деп баалады. Президент Петр Порошенко жикчилдердин шайлоосу Донбасс чөлкөмүнүн тынчтыгын коркунучка кептейт деп сындады. Ал өлкө аймагындагы шайлоолор Украин мыйзамдарына ылайык гана өткөрүлүүгө тийиштигин бекемдеди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кремль Чыгыш Украинада болуучу шайлоону таанырын айткан эле.

26-октябрда Украинада Жогорку Радага кезексиз шайлоо болгон, ага Орусия аннексиялап алган Крымда, орусиячыл козголоңчулардын карамагындагы Луганск жана Донецк облусунда беш миллиондой адам катыша алган эмес. Орусиячыл күчтөр 2-ноябрь күнү бул аймактарда “Элдик республикалардын” парламенттери шайланарын жарыялашкан болчу.

XS
SM
MD
LG