Социалдык фонд 2020-жылга чейинки пенсиялык менен камсыз кылуу системасын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун коомчулуктун талкуусуна коюуда. Долбоор ээлери жыл өткөн калктын сайын эмгекке жарамдуу катмары азайып, пенсия курагындагы адамдар көбөйө баштаганы пенсионерлерди камсыздоодо кыйынчылык жаратарын белгилешет.
2010-жылы жүргүзүлгөн реформага ылайык, жарандар келечектеги пенсиясынын өзөктүк бөлүгүнө кошумча милдеттүү түрдө “чогултуу” системасына бекитилген. Бул пенсиялык системанын демографиялык көрсөткүчтөн көз карандылыгын азайтат деп белгилейт Социалдык фонд. Концепцияга ылайык, пенсия менен камсыздоо системасын өнүктүрүү үчүн чогултуу системасын өркүндөтүү, ар бир жаранды өзүнчө каттоо, мигранттарды социалдык камсыздандыруу жараянына тартуу, тагыраак айтканда, аларды да келечектеги пенсиясына азыртан кам көрүүгө чакыруу жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорду колдоо сыяктуу иш-чаралар зарыл.
1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 250 сомго көбөйгөн. Азыр орточо пенсиянын өлчөмү 4600 сом, 1-топтогу майыптарга төлөнчү төмөнкү өлчөмү 4400 сом.
Расмий маалымат боюнча өлкөдө 589 миңден ашык пенсионер бар.(ZKo)