Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

Улуттук банк быйыл 331 миллион доллар интервенциялады


Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдө сомдун курсун тең салмактоо үчүн жыл башынан бери валюта базарына 331 миллион доллар чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка" аталган банктын Акча-кредит бөлүмүнүн башчысы Раушан Сейткасымова билдирди. Мындай жол менен сомдун курсун туруктуу кармоо аракети көрүлүүдө. Ошондой эле өлкөдөгү банктардын эсептик чендерин тогуз пайызга чейин көтөрдү. Сейткасымова сомдун курсу түшүп кетет деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок экенин айтууда.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда доллардын курсу жогорулаганы байкалууда. Ушул тапта Бишкектеги валюта базарында доллардын баасы 57,50 - 58 сомго чейин чыгууда. Ал эми евронун баасы 73 сомдун тегерегинде. Ал эми орус рубли 1 сом 35 тыйын.

Жергиликтүү финансы аналитиктери сомдун наркынын туруксуздугуна эки негизги фактор таасир этип жатканын айтышууда. Биринчиден, өлкөнүн импорттук товарга көз карандылыгынан улам сомдун наркын табийгый негизде камсыздай албаган жагдай орун алган. Экинчиден, өлкөгө кирчү доллар агымы кыскарып, чыгып кеткен валюта кайра кайтпай жаткан көрүнүш күчөгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG