Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Москва полициясы бир аптада 27 миң мигрантты кармады


Москва полициясы 23-октябрдан баштап “Мигрант-2014” деп аталган тазалоо рейдин өткөрүүдө.

Атайын операция башталгандан бери 27 миң чет өлкөлүк полиция бөлүмдөрүнө алып келинип, өздүгү текшерилген. Полиция мигранттардын арасынан Орусияда мыйзамсыз жүргөндөрдү жана кандайдыр бир кылмыш же соттук териштирүүлөргө тиешеси барларды да аныкташкан.

Натыйжада 7 миң адам административдик жоопкерчиликке тартылды. Андан башка мыйзамсыз миграцияга байланыштуу 129 кылмыш иши козголгон.

Шаардык полиция башкармалыгынан билдиргендей, 126 адамга мажбурлоо менен Орусиядан чыгаруу чечими чыкты.

XS
SM
MD
LG