Президент Алмазбек Атамбаев ноябрь айынын башында Түркмөнстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президент бул өлкөнүн жаңыдан дайындалган элчиси Батыр Ниязлиевдин ишеним громатасын кабыл алып жатып билдирди. Анын айтымында, Бишкекте Түркмөнстандын элчилигинин ачылышы эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат.
Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кыргыз президентинин сапар учурунда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланмакчы. Кыргыз өкмөтү быйылкы кыштагы кыйын кырдаалдан чыгуу үчүн Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.