Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:49

Турганбаев: Оштогу кылмыштуулук менен күрөшкө өзгөчө көңүл бурулат


Бул тууралуу ички иштер министри Мелис Турганбаев “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анын айтымында, министрликте Оштогу кылмыштуу топтор боюнча маалыматтар бар. Учурда ал маалыматтар иликтенип жатат. Бул иш бүткөн соң конкреттүү чаралар көрүлөрүн министр убада кылды:

- Ош тууралуу маалымат көп. Мен деле угуп коюп тынч отурган жокмун. Азыр баарын анализдеп тактап жатабыз. Тигил айтты, бул айтты деп туруп өзгөртүүлөргө бара албайбыз. “Жети өлчөп, бир кесишибиз” керек. Президент менен жолукканда деле "Ош жакты карап койсоңуз, маалымат каражаттарда бир топ нерселер айтылып жатат" деп айтты. Баарын талдап, иликтеп туруп чара көрөбүз, - деди Турганбаев.

Буга чейин Оштун тургундары аймакта уюшкан кылмыштуулуктун күчөп жатканын айтып, өлкө жетекчилерин тиешелүү чара көрүүгө чакырган.(BkA)

XS
SM
MD
LG