Михаил Ходорковский менен Алексей Навальный “Саясий туткундарга жардам” долбоорунун алкагында кийинки жылы атайын сыйлык уюштурушат. Бул тууралуу ЮКОСтун мурдагы жетекчиси Ходорковский түз видео баарлашуу аркылуу өтүп жаткан “Ачык Орусия” форумунда билдирди.
Долбоордун алкагында 100 миң рублдан 50 сыйлык куугунтукта же туткунда отурса да бийликтин акыйкатсыздыгына каршы күрөшүн улантып жаткандарга ыйгарылмакчы.
Ходорковскийдин айтымында, түрмөдө, убактылуу кармоо жайларында, үй камагында же куугунтукта жүргөн орусиялык жарандык активисттердин үй-бүлөсү жардамга муктаж.
Форумда кимдерди саясий туткун деп айтууга болору жана алардын үй-бүлөсүнө кандай жардам керектиги талкууланды.