Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:52

Бааларды кымбаттатуу энергетика тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт


Мындай пикирин “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынын башкы директору Эркин Абдыкалыков 29-октябрда энергетика акысы тууралуу коомдук талкууда айтты.

Ал өз сөзүндө жылуулуккка баанын кымбатташы тармакты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп белгиледи. Абдыкалыковдун айтымында, мындан заманбап техникаларды сатып алууга, зарыл жабдыктарды жаңылоого, жылуулук берүүнүн сапатын жакшыртууга, акыр аягында жылуулук менен ысык суунун баасын алардын өздүк баасы менен теңөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Электр энергиясынын жана жылуулуктун баасы 2010-жылы көтөрүлгөн, бул элдин нааразычылыгын жаратып, апрель окуясынын келип чыгышынын бир себеби болгон. Бийлик алмашкандан кийин баалар кайра мурдагы калыбына келтирилген. Азыркы өкмөт энергия акысын көтөрүүнү быйыл жазында кайра сунуштап, ал июль айында ишке ашырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG