Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Кобаниге Түркия аркылуу сириялык козголоңчу аскерлер киргени айтылууда


Алар бир айдан ашуун убакыттан бери “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери тарабынан курчалып турган Кобани шаарчасындагы күрттөргө колдоо көрсөтүшмөкчү болгонун жергиликтүүлөр айтышууда. Сириялык козголоңчул аскерлер Кобаниге ирактык күрттөрдүн пешмерга күчтөрү киргенден кийин көп өтпөй келишкен. Кобанидеги күрт чиновниктери сириялык козголоңчулардын 50 чакты учагы шаарчага Түркия менен чектешкен аймактан киргенин айтышты.

Азырынча бул тууралуу расмий Анкара эч кандай комментарий бере элек.

Сириянын күрттөр жашаган Кобани шаарчасы бир айдан ашуун убакыттан бери “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери тарабынан курчалып турат. Активисттердин эсебинде, сентябрдын ортосунан берки уруштардан бул жерде 800дөй кишинин өмүрү кыйылды. 200 миңден ашуун киши, көбүнесе сириялык күрттөр Түркиянын чегине качып өтүүгө аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG