Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Суусамырга медициналык борбор ачылат


Жети миңге чукул калкы бар Суусамыр айлында бүгүн жалпы дарыгерлер борбору ачылат. Анда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, бейтапкана жана төрөт бөлүмү камтылган. Мындан тышкары аталган борбор аркылуу элге тез жардам көрсөтүүчү беш акушердик-фельдшердик түйүн иштейт. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Керез Жукеева “Азаттыкка” билдирди. Медициналык мекеменин ачылышына бүгүн өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Исаев, ЖК депутаттары, саламаттыкты сактоо министрлигинен өкүлдөр катышат.

Географиялык жайгашуусу татаал, климаты катаал Суусамыр өрөөнү саламаттыкты сактоо мекемелеринен кеминде 120-80 чакырым алыстыкта турат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG